Кыргызстанда канча окуучу мектепти аяктады?

Кыргызстанда канча окуучу мектепти аяктады?

Быйыл, 2025-жылда 11-классты 80 миң 348 улан-кыз бүтүрүп, турмуш жолуна аттанды.

9-классты  болсо, 135 миң 681 окуучу аяктаган.

Адаттагыдай эле  9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө  жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялар 2-июнда башталып, 17-июнда соңуна чыгат.