Камчыбек Ташиев: “Чечме булак толугу менен Кыргызстандын балансына өттү”

Камчыбек Ташиев: “Чечме булак толугу менен Кыргызстандын балансына өттү”

 УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Алгач Камчыбек Ташиев Сурьма комбинатынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдары анын ишин жакшыртууга жардам бериши зарылдыгын айтты.

Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маалыматтар менен кеңири тааныштырды.

Белгилей кетсек, буга чейин өзбек тарап менен чек ара маселесин чечүүдө Чечме булагы боюнча акыркы чечим кабыл алынбаганы белгилүү болчу.

“Чечме булагы эми талаштуу эмес жана ал толугу менен Кыргызстандын балансына жазылды, бул маселеге чекит койдук. Бирок, булактын суусун Өзбекстан тарап менен буга чейинкидей эле, ортодо пайдаланабыз. Коңшуларыбыз дагы, биз дагы ал суудан пайдаланабыз, бул боюнча мамлекеттик деңгээлде келишилди”, – деди ал.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиялардын ишине токтолуп, алмашылган жер тилкелери жөнүндө так маалымат берди.