2-3-июнь күнү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында аскердик кармаш уруш боюнча “Мен патриот” эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 1999-2021-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Кыз-келиндер арасында: 60, 65, 70, +70 кг;
Эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 95, +95 кг.