АКШда өткөн парадда Россиянын желеги болгон жок

АКШда өткөн парадда Россиянын желеги болгон жок

Вашингтондо согуштарда курман болгондорду эскерүү күнү белгиленген парадда, Антигитлердик коалициянын өлкөлөрүнүн желектери көтөрүлдү. Бирок Россиянын желеги парадда болгон жок.
Параддын катышуучулары «Экинчи дүйнөлүк согуштагы союздаш өлкөлөргө таазим» деген жазуусу бар баннердин алдында жүрүш жасады.  Булардын арасында Россия же СССРдин гана эмес, коалицияга мүчө көптөгөн башка өлкөлөрдүн да желектери жок болгон.
Май айында АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ  Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке эң чоң салым кошкон деп билдирген. Ал Жеңиш күнүн 8-майга  Европада согуштук аракеттер токтогон күнгө жылдырууну сунуш кылган.