Азирети Муфтий Абдулазиз Закиров ажы кечээ, Ош шаарында имамдар менен жолугушту.
Жолугушууга муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Ош жана Жалал-Абад облустарынын казылары, КР Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык агенттиктин түштүк аймагы боюнча бөлүм башчы жана укук коргоо органдары катышышты.
Мындай маалыматты муфтияттын басма сөз кызматы таратты.
«Урматтуу дин кызматкерлери! Ислам кызматы аппак кагаз сыяктуу. Ага кымындай чекит түшсө, анын актыгын эмес, кипкичинекей болгон чекитти көрүшөт. Андыктан оболу Жараткандын мыйзамын так сактап, шариятка толук баш ийели. Ошону менен катар мамлекеттик мыйзамдарга жана өзүбүздүн диний башкармалыктын уставына ылайык иш алып баралы. Биз мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекеттин жараны болгон соң, өз ишмердүүлүгүбүздү, мисалы финансылык иштерди тиешелүү нормативдерге ылайык жүргүзбөсөк, ниетибиз калыс, оюбуз таза болсо да, бирок ал укуктук жактан жаңылыш болуп калат”,- деди ал.
Ошондой эле ал салттуу ислам болгон ханафилик-матуридиликтин артыкчылыктарына токтолуп, расмий дин кызматкерлеринин ар кандай салттуу эмес агымдарга каршы терең илим жана даанышмандык менен күрөшүүлөрү натыйжалуу болорун эскерткени айтылат маалыматта.