Трамп Путинге нааразы болду

Трамп Путинге нааразы болду

АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путинге нааразы экенин билдирди. Анын айтымында, Россиянын президентине бир нерсе болгон.
«Мен Путиндин кылып жаткан ишине нааразымын.  Ага эмне болгонун билбейм. Мен аны көптөн бери билем, биз дайыма тил табышып келчүбүз, бирок ал шаарларга ракета атып, адамдарды өлтүрүп жатат»,-деди АКШ президенти Нью-Джерси штатынан Вашингтонго учаар маалында.
Трамптын айтымында,  Россия менен Украина сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда Москва Украинанын объектилерин аткылаганы үчүн нааразы болду. «Биз сүйлөшүп жатканда, ал Киевге жана башка шаарларга ракета атып жатат»,-деди Трамп