Ошто эл аралык “Жашыл аалам” поэзия фестивалы өткөрүлөт

Ошто эл аралык “Жашыл аалам” поэзия фестивалы өткөрүлөт

28-30-май күндөрү Ош шаарында кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын “Жашыл аалам” фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалыматта ылайык, фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн жаш акындар катышат.

Иш-чара түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы маданий жана адабий байланыштарды бекемдөө, жаш акындарды колдоо, түрк дүйнөсүнүн поэтикалык мурасын жайылтуу, чыгармачылык диалогду куруу максатында уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы “Жолон Мамытов” атындагы аллеяга акындын эстелиги ачылып, поэзия кечелери өткөрүлөт.

Фестиваль Түрксой эл аралык уюму, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Ош Мамлекеттик Университети, Ош шаардык мэриясы, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жазуучулар союзу, Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги жана Евразия жазуучулар союзу тарабынан уюштуруулуда.