Оштогу “Салкын-Төр” эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды

Оштогу “Салкын-Төр” эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды

Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылында жайгашкан “Салкын-Төр” эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Салкын-Төр” эс алуу борборунун 2,5 ГА ашуун жер тилкелери мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эс алуу борбордун ээси А.К.А. өз ыктыяры менен 2,21 ГА жер тилкесин Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.