Майк Тайсон Казакстанда беттеш өткөрөт. Атаандашы аталды

Майк Тайсон Казакстанда беттеш өткөрөт. Атаандашы аталды

Бокс боюнча Эл аралык Даңк Залынын мүчөсү, оор салмактагы бокс боюнча мурдагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону, легендарлуу америкалык Майк Тайсон Казакстанда беттеш өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Алаш Прайд” лигасынын президенти Алимжан Бектаев билдиргендигин Казакстандын ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, алар ММА легендасы Федор Емельяненкону Казакстанга “Темир Майкка” атаандаш катары чакырууну пландап жатышат.

— Биздин пландарыбызга Майк Тайсон менен Федор Емельяненконун беттешин уюштуруу кирет. Бул багыттагы иштер азыртадан эле жүрүп жатат. Майк Тайсонду чакыргыбыз келген турнир декабрь айына белгиленген деп билдирди Алимжан Бектаев.

Белгилей кетсек, Майк Тайсондун эсебинде 50 жеңиш (44 нокаут менен) жана 7 жеңилүү . Өткөн жылы мурдагы талашсыз дүйнө чемпиону Жейк Полго бир добуштан жеңилип калган.