Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мекенчилдигин дагы бир ирет көрсөтүп, тил маселесине каршы чыккан кесиптештерине катуу айтты.
“Бүт дүйнөдө чакан мамлекеттер өзүнүн эгемендүүлүгү, улуттук иденттүүлүк жана тили үчүн күрөшүп жатышат. Анан, ушундай учурда 100 жылдап кулчулук аң сезимден кетпей, кимдир бирөөлөргө жагынып калсак экен дегенди токтотпойлубу? Биз башка өлкөлөргө эмес өзүбүздүн элибизге жагынышыбыз керек”,- деди ал.
Тил маселеси айрым депутаттарды таразага салды. Учурда коомчулук жаш депутат Жанар Акаевди колдоп, бирок, кээ бир эл өкүлдөрүн жектеп жатышат.