Доналд Трамп: “Салман падышаны биз коргоп жүрөбүз”

Доналд Трамп: “Салман падышаны биз коргоп жүрөбүз”

АКШнын президенти Доналд Трамптын Ыраакы Чыгышка болгон расмий саммити аяктап, өлкөсүнө келген учурда тарапташтары менен жолугушкан.

Анда ал мындай деди: “Биз Сауд Арабияны коргоп турабыз. Мен король Салманды жакшы көрөм. Бирок, ага айттым: “Силерди биз колдоп, кубаттап жүрөбүз. Эгерде биз болбосок, сен креслоңдо  2 жума дагы отура албайсың. Мунун акысын төлөшүң керек”.