Бүгүн Кыргызстанда бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2024/25-окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чара бүгүн, саат 9:00дө болот.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, акыркы коңгуроо маалында коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлгөн.
Маалыматка ылайык, бул жылы 11-классты жалпы 80 миң 540 окуучу бүтүрүүдө. Анын ичинен 2 миң 489 окуучунун “кызыл аттестат” алуусу күтүлүп жатат.
Ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу аяктап жатат, анын ичинен 5 миң 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда.
Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.
Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга тыюу салынат.