Бишкек -Балыкчы жайкы поезди 6-июндан тарта каттай баштайт

Бишкек -Балыкчы жайкы поезди 6-июндан тарта каттай баштайт

Бишкек–Балыкчы багытындагы жайкы поезд каттамы 6-июндан тарта жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар 6-июндан 6-июлга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:45те Бишкек-2 борбордук темир жол вокзалынан жөнөп, саат 12:16да Балыкчы шаарынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна жетет. Ал эми, 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.

Белгилей кетсек, поезддин курамында шарттары жакшыртылган алты вагон бар. Алар панорамалык терезелер, кондиционерлер, жумшак отургучтар жана дивандар, мультимедиа системалар, акысыз Wi-Fi, электрондук жабдыктарды кубаттоочу уячалар жана буфет кызматы менен камсыздалган.

Билеттердин баасы:

Жөнөкөй вагон

• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен – акысыз;

• 5-10 жаштагы балдар үчүн – 73 сом;

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 150 сом.

Люкс вагону:

• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен – акысыз;

• 5-10 жаштагы балдар үчүн – 250 сом;

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 500 сом.

VIP вагону:

• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен – акысыз;

• 5-10 жаштагы балдар үчүн – 400 сом;

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 800 сом.

VIP-купе вагону:

• Баасы – 6000 сом бир купе үчүн;

• Купеде 6 чоң адамга чейин жол жүрүүгө уруксат берилет;

• Ар бир жүргүнчү 5 жашка чейинки бир баланы акысыз кошо ала алат.

Кол жүгүнө акы алынбайт.

Билеттерди төмөнкү жерлерден сатып алса болот:

Онлайн: https://ticket.railway.kg/ вебсайты жана railway.kg мобилдик тиркемелери, Бишкек-2 темир жол бекетинин кассаларынан, ошондой эле бош орундуктар бар болсо, поезддин өзүнөн бардык төлөм системалары аркылуу накталай жана нактасыз төлөм менен.

Толук маалымат:

• сайт: railway.kg

• телефон: 0 312 30 02 09, 0 700 07 66 96 (WhatsApp жана Telegram).