Карт бүркүт тумандуу туңгуюктун үстүндө учуп бара жатты. Балапан барчынын жонуна кондуруп алган. Бүркүттүн барчыны дагы эле кичинекей болгондуктан мынчалык жолго чыдабайт эле. Катуу, катаал жолдо атасынын үстүнөн учуп баратып барчын:
-Ата! Эми сен мени ушул катаал, туңгуюктан өткөрөсүң, бирок чоңойуп, күчтүү болгондон кийин мен сени көтөрүп өтөм.
– Жок, балам, – деп жооп берди картаң бүркүт.
– Сен чоңойгондо өз уулуңузду көтөрүп өтөсүң.