Президент Садыр Жапаров 2031-жылы өтө турган Азия кубогун өткөрүү үчүн Кыргызстан расмий түрдө өтүнмө бергендигин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы Каракол шаарындагы жаңы стадиондун ачылыш аземинде жарыялады.
Өлкөнүн спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кеңири пландардын айткан Садыр Жапаров Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири курулуп жатканын, анын сыйымдуулугу — 51 миң орун экендигин белгиледи. Анын айтымында, бул объект өлкөнүн спорт тармагын өнүктүрүүгө жана эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам болмокчу.