АКШ жана Европанын лидерлери Россия менен Украинанын Ватикандагы сүйлөшүүлөрүнө үмүт артып жатышат. Бирок Кремль мындай сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмес. Бул тууралуу өз булактарына таянып, Bloomberg агенттиги жазды.
Аты-жөнүн атагысы келбеген булактар билдиргендей, Россия президенти Владимир Путин Ватиканга же башка мамлекетке украиналык тарап менен сүйлөшүүлөр үчүн барууну пландаган жок. Ордуна РФ Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө көңүл буруп жатат. Кремль бул сүйлөшүүлөр жакынкы убакта кайра жанданышы мүмкүн деп күтүп жатат.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге Ватиканда кийинки сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча эч кандай келишимдер жок экенин айтты.
Ошол эле маалда, америкалык аткаминерлер Украин тарап менен туруктуу байланышта болуп, сүйлөшүүлөрдүн өтүшүн камсыздоого аракет кылып жатышат.
“Алар россиялык кесиптештерине Путиндин жардамчысы Владимир Мединский сыяктуу катуу позициядагы тарапташтардын жолугушууга катышуусун каалабай турганын да билдиришүүдө. Мединский Москва делегациясын Стамбулда жетектеген”,-деп жазылат макалада.
Кремль менен тыгыз байланышта болгон саясий кеңешчи Сергей Марковдун айтымында, Путин НАТО мүчөсү болгон Италияга коопсуздук маселелеринен улам барбайт. Ошол учурда Россия Ватиканды бул жаңжалда бейтарап өлкө деп эсептебейт.
“Мындан тышкары, кырдаалды Рим-католик чиркөөсү менен Россия православ чиркөөсүнүн, аны Патриарх Кирилл жетектеген мамилеси да татаалдаштырууда. Кирилл Путинди жана Украинадагы согушту кызуу колдойт”,-деп белгилешет кабарчылар.
