Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды:
– Эмне кылып олтурасың, адам?
– Эс алып олтурам, а өзүңчү?
– Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың?
– Көрүнгөн тоонун боорунан.
– Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен?
– Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей.
– Ошол элеби?
– Кете элек кар жана көзү ачыла элек булак.
– Көрүнгөн тоо сага эмне берди?
– Өмүрдү жана өрөөнгө түшкөн жолду.
– А сен эмне калтырдың?
– Артымда калган жолду.
– Жолдон эмнелерди көрдүң?
– Агын суу менен жайкалган эгинди.
– Дагы?
– Чыккан күн менен бадачыны.
– Жолдон эмнеңи жоготтуң?
– Жаш кезимди жана сүйүүнү.
– Жол сага эмне берди?
– Өкүнүч менен тажрыйбаны.
– Дагы?
– Ишеним менен үмүттү.
– Көрүнгөн тоонун башына чыгып көрдүң беле?
– Көргөм.
– Эмне бар экен?
– Арылдаган шамал жана аңгыраган асман.
– Тоонун башында туруп эмнени көрдүң?
– Ушул өрөөндү.
– Эми кайда баратасың?
– Ушул өрөөндүн этегине. Батып бараткан күнгө жана бадасын айдап келаткан бадачыга. А сенчи?
– Мен ийниме кирем.
– Ийниң караңгыдыр?
– Албетте, бирок караңгысы — түндөй эле.
– Түн таптакыр караңгы эмес. Жылдызы менен Айы бар.
– Мен да ошону айтып жатам. Ийнимдин оозунан аз да болсо шоола өтүп турат. Ошого каниет кылам. А сен бактылуусуңбу?
– Ушул учурда бактылуумун.
– Эмне үчүн?
– Анткени, жолдо баратам.
– Жүрөгүңдө эмне бар, жолоочу?
– Тазаруу жана күтүү.
– Кантип тазардың?
– Алдамчы кыял менен сатып кеткен досумду кечирип — тазардым.
– Эмнени күтөсүң?
– Жакшылыкты.
– Анда жакшы бар, адам. Жолуң шыдыр болсун. Күн жылымы азайды, мен да ийниме кирейин.
Жылан ташты айланып чөптүн арасына сойлоп кетти. Адам да ордунан турду.