Каракол шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда толугу менен реконструкциядан өткөн шаардык стадиондун салтанаттуу ачылышы болду.
Мамлекет башчы өз сөзүндө бул жөн гана оюн талаасы эмес, сергек жашоого үндөгөн заманбап мейкиндик экенин баса белгиледи. Анын айтымында, стадион ар кандай спорттук оюндарды, концерттерди жана башка элдердин башын бириктирген, коомдогу биримдикти, ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзүүчү жайга айланат.
Стадион Нагима Айтматова көчөсүндө жайгашкан. Анын жалпы аянты 7,04 гектарды түзөт. Заманбап стандарттарга ылайык курулган батыш трибунасы 3 миң 480 көрүүчүгө ылайыкталган.
Ичинде кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, административдик жана функционалдык бөлмөлөр, VIP коноктор, ЖМК өкүлдөрү, операторлор, чиновниктер, калыстар үчүн бөлмөлөр жана VAR системасы бар.