Бишкек шаарында Т.Усубалиев атындагы аятта бүгүн, 24-май күнү «One Run» Эл аралык жарым марафону өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, катышуучулар 21,1 км, 10 км, 5 км жана балдар арасында 1 км аралыкка чуркашат.
«One Run» эл аралык жарым марафону быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Жалпы 2000ден ашык жөө күлүк катышары күтүлүүдө.
Спорттук иш-чара Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, жеңил атлетика федерациясы жана «Баатырлар лигасы» тарабынан уюштурулууда.
Марафонго катышуу үчүн my.runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу катталыңыз