G7 өлкөлөрү Россияны катаал санкциялар менен коркутту

G7 өлкөлөрү Россияны катаал санкциялар менен коркутту

G7 өлкөлөрүнүн каржы министрлери биргелешкен билдирүү таратышты. Анда алар Россияга болгон басымды күчөтө тургандыктарын эскертишти.
Алар Россиянын Украинага карата аскердик аракеттерин айыптап, “жаңжал учурунда Росияны колдогон бардык уюмдар Украинадагы калыбына келтирүү иштерине байланыштуу келишимдерден четтетилет” деп билдиришти. G7нин каржы министрлери эгерде Москва Украинада ок атышууну токтотууга макул болбосо, санкциялар дагы күчөтүлөрүн белгилешти.
Каржы министрлеринин бул биргелешкен билдирүүсү үч күнгө созулган саммиттин жыйынтыгында жарыяланды. Саммит Канададагы Калгари шаарына жакын жайгашкан Банф курортунда өттү.
Азыркы учурда Канада G7 уюмун төрагалык кылууда. G7 курамына АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция, Италия жана Япония кирет.