Сүрөтчүлөрдүн республикалык сынагы өтүп жатат

Сүрөтчүлөрдүн республикалык сынагы өтүп жатат

Кара-Суу районунун 90 жылдыгына жана Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиевдин 90 жылдыгына арналган  республикалык сүрөтчүлөрдүн сынагы жүрүп жатат.

Иш-чарага республика аймагынан, Ош жана Бишкек шаарларынан атайын чакырылган 19 кесипкөй сүрөтчү катышууда.  Алар Кара-Суунун кооз табиятын жана жашоо-турмушун чагылдырган керемет сүрөттөрдү тартышууда.

Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев 1935-жылы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1977-1982-жылдары Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы болгон.

2020-жылы 85 жашында көзү өткөн.