Массачусетс штатындагы федералдык судья Трамптын администрациясын АКШнын Билим берүү министрлигиндеги 1300дөн ашуун кызматкерди ишке кайтарууга милдеттендирди.
«Департамент өзүнүн милдеттерин жана Конгресс тарабынан белгиленген башка мыйзамдарды аткарууга жөндөмдүү болушу керек»,-деп айтылат Бостондогу АКШнын округдук сотунун чечиминде.
11-мартта Билим берүү департаменти кызматкерлердин санын кыскартаарын жарыялаган.
Эки күндөн кийин Мичиган, Невада жана Нью-Йоркту кошкондо 21 штат Билим берүү министрлигиндеги кыскартууларга байланыштуу Трамптын администрациясына каршы доо арыз беришкен.
