Россия Украинага согуш туткундарынын алмашуусу үчүн «1000ге 1000» формуласы боюнча тизме өткөрүп берди. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский билдирди.
«Алмашууга даярдык боюнча жыйын өткөрдүм. Россия туткунуна түшкөн 1000 жаранды бошотуу боюнча макулдашуу — Түркиядагы жолугушуунун жападан жалгыз реалдуу жыйынтыгы болду. Бул жыйынтык ишке ашышы үчүн аракет кылуудабыз»,-деп жазылган Зеленскийдин постунда.
Бул маалыматты РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да ырастады.
«Биз чын эле өз тизмебизди өткөрүп бердик. Киевден жооп тизме азырынча келген жок. Күтүп жатабыз»,-деди ал 22-май күнү түшкө жуук өткөн брифингде.
«1000ге 1000» формуласы боюнча туткундарды алмашуу келишими Москва менен Киевдин ортосунда 16-майда Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө жетишилген.
