Бүгүн Каракол шаарындагы стадион ачылат

 Бүгүн Каракол шаарындагы стадион ачылат

Бүгүн,  23-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында толугу менен реконструкциядан өткөн стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

Жергиликтүү администрациянын маалыматка ылайык, 3560 орунга эсептелген объект пайдаланууга берүүгө даяр. Аянты 5,5 гектардан 7 гектарга чейин кеңейтилген стадион эл аралык стандарттарга жооп берет жана ыңгайлуу машыгуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык шарттар менен жабдылган.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ачылыш азем КР Премьер-лигасынын 11-турунун алкагындагы “Барс” (Каракол) – “ОшМУ” (Ош) футболдук клубдарынын беттеши менен уланат.

Ачылыш азем саат – 18:00дө башталып, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00дө жаңырат.

Азем белгилүү ата мекендик алдыңкы эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.