Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадыр Атамбаев Стамбулга уча албай, «Манас» аэропортунда кармалганын айтты. Бул тууралуу Кадыр Атамбаев Фейзбук баракчасына жазды.
«Акыркы эки күндө менин рейсим экинчи жолу үзгүлтүккө учурап жатат. Биздин жактоочу алдын ала «желектин» алынышын талап кылган. Бул тыюу мыйзам боюнча бир ай мурун аяктаган тергөө жана соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин дароо жоюлушу керек болчу. Анын үстүнө мен бул иште күбө болгом, күбөлөргө «желек» тагып коюу мыйзамсыз», — деген ал.