ЕБ Кеңеши 27-майда Венгрияны Европа Биримдигинде добуш берүү укугунан ажыратуу маселесин талкуулайт,-деп айтылат жыйналыштын күн тартибинде. Кеңеш мүчөлөрү сегизинчи угууну өткөрүшөт. Анда Европа Биримдигинин негизги баалуулуктары олуттуу түрдө бузулушу мүмкүн болгон учурда мүчө-мамлекетти добуш берүү укугунан ажыратууга жол берген ЕБ келишиминин 7-беренесин Венгрияга карата колдонуу мүмкүндүгү талкууланат. Чечим бир добуштан кабыл алынууга тийиш.
