Акылбек Жапаров: “Жашыл энергетика жана суу маселесин аймактык деңгээлде чечүү зарыл”

Акылбек Жапаров: “Жашыл энергетика жана суу маселесин аймактык деңгээлде чечүү зарыл”

Министрлер кабинетинин экс-төрагасы Акылбек Жапаров «Борбордук Азия — Кытай» тегерек үстөлүндө сөз сүйлөп, дүйнөлүк тартиптин өзгөрүшү жана бул шартта Борбордук Азиянын орду жөнүндө айтып бергенин өздүк баракчасында маалымдады.

“Сөзүмдө баса белгиледим: ушундай ири мамлекет биздин өлкөлөр менен өз-өзүнчө сүйлөшпөйт. Жаңы доордо бизге биргелешип сүйлөгөн үн керек. Борбор Азия аймак катары бириккен, координацияланган күч болбосо, дүйнөлүк оюнчулар биздин үнүбүздү укпай калышы мүмкүн.

Ошондуктан Кытай менен тек гана дипломатиялык мамиле эмес, чыныгы кызматташтык жана аймактык өнөктөштүк түзүлүшү керек. Бизге жаңы модель зарыл:

– Транспорттук байланыштарды жакшыртуу

– Чогуу өндүрүш куруу жана технологияны бөлүшүү

– Жашыл энергетика жана суу маселесин аймактык деңгээлде чечүү

– Санариптик платформаларды ишке ашыруу

– Жаңы муундагы региондук адистерди даярдоо

Ошондой эле белгиледим: жөн гана жолугушуулар жетишсиз. Бизге өкмөттөр, бизнес жана эксперттер ортосундагы туруктуу иштеген механизмдер керек. Сөздөн ишке өтчү учур келди.

Бул — чоң мүмкүнчүлүк. Бирок ага жетиш үчүн биз аймак катары ойлонушубуз керек. Биргелешкен аракет гана бизге туруктуулук жана өнүгүү алып келет”,- деп жазган ал.