Кыргызстанда 23-27-май күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромит кызматы билдирди.
Мындан улам сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Ведомстводон белгилегендей, калкка жана кызматтарга этият болуп, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу сунушталат.