Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды

Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды

 Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мукамбетов Руслан Мустафаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, коргоо министри болуп дайындалды.

Эске салсак, Мукамбетов буга чейин Башкы штабды жетектеп келген. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына буга чейинки коргоо ведомствосунун башчысы Бактыбек Бекболотов барган.