Президент өлкөгө кайтып келди

Президент өлкөгө кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Мажарстанга болгон иш сапары аяктап, ал өлкөгө кайтып келди.

Ал Мажарстандын Премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп,

эки өлкөнүн мамилелерин өркүндөтүү жана ар кыл тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты. Ошол эле күнү Түрк Мамлекеттер Уюмуна кирген өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышты.

Аталган уюмга байкоочу болуп келген Мажарстан алгачкы жолу уюмдун бейформал жолугушуусун өткөрдү. Мындан улам жолугушуунун темасын «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп атаган.

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУнун) бейформал саммитинин жыйынтыгында бир топ документтерге кол коюлуп, кабыл алынды.