Белгилүү адабиятчы жана сынчы Салижан Жигитовдун “Адабий сын макалалар” жана “От дегенден ооз күйбөйт” деген эки китеби жарык көрдү. Биринде Лев Толстой, Владимир Маяковский жана Мукай Элебаевдин чыгармаларын талдаса, экинчи китебинде ар кайсы мезгилдерде курган маектери орун алган.
Салижан Жигитов 1936-жылы Өзгөн районунда туулган. 2006-жылы Бишкек шаарында көз жумган.