Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтө турган The Thailand open international boxing tournament 2025 Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-майда башталган мелдеш 2-июнда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
55 кг Ислам Төрөбаев;
60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
65 кг Мирзохид Имамназаров;
70 кг Ихтяр Нишанов;
75 кг Нурадин Рустамбек уулу;
80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу;
85 кг Эркин Адылбек уулу.
Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.