Кыргызстанда 10-июндан баштап «Нелегал» аталышындагы рейд жүрүп, мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер текшерилет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өлкө аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясы темасында мекемелер аралык жыйында айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө Ташиев өлкөдөгү саясий-коомдук абалдын жакшырышынан улам мигранттардын саны өсүп жатканын айтты. Маселен, жыл башынан бери 61 миң турист, 30 миң студент, 12 миң эмгек мигранты, 10 миң киши ишкердик, үй-бүлөлүк шарттар менен келген. Ал эми беш миң адам мыйзамсыз киргендер экени белгиленди.
«Көпчүлүк чет элдиктер турист же студент катары кирип, мыйзамсыз иштешүүдө. Айрым ишканалар жана окуу жайлар мигранттардын виза мөөнөтүн узартпай, чет элдиктер начар абалда жашап жатат. Бул алардын мыйзамды, коомдук тартипти бузушуна алып келүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Ушуга байланыштуу 10-июнда «Нелегал» рейди жүргүзүлөт. Ага чейин документтер мыйзамдаштырып туураланышы, болбосо чет элдиктер өлкөдөн өз алдынча чыгып кетиши керектиги кошумчаланган.
Ушуга байланыштуу көйгөйдү чечүү боюнча төмөнкү сунуштар айтылды:
1. Жаңы эрежелердин алкагында миграциялык процесстерди тартипке келтирүү максатында 20 күндүн ичинде (үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин) КРда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн бардык чет өлкөлүктөр, (өлкөдө жүрүү) статусун мыйзамдаштырууга же өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш.
2. Компетенттүү органдар белгиленген мөөнөттө (үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин) мамлекет тарабынан кабыл алынган миграциялык чечимдер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда, электрондук порталдарда жана чет тилдердеги веб-сайттарда жеткиликтүү маалыматтык иштерди жүргүзүүгө милдеттүү.
3. Укук коргоо органдары үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып бүткүл өлкө боюнча бардык күч түзүмдөрүн тартуу менен атайын иштелип чыккан «легалсыз» операциясынын алкагында кеңири масштабдуу активдүү текшерүү иш-чараларын жүргүзсүн жана өлкөдө жүрүү тартибин бузган адамдарга, анын ичинде чакыруу субъекттерине карата административдик жана кылмыш мүнөзүндөгү толук чараларды көрсүн.
4. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин өз алдынча аймактык жана линиялык бөлүмдөрүнүн башчылары бул багытта жогоруда белгиленген активдүү иш-чаралардын аткарылышын жеке контролго алышсын.