Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы 23-майда Рим шаарында өтөт. Бул тууралуу ортомчу катары катышып жаткан Оман ТИМинин башчысы Бадр аль-Бусаиди X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Иран менен АКШ буга чейин төрт жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Анын үчөө Оманда, бири Римде өткөн.
