Бишкек мэриясы Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментин жойду

Бишкек мэриясы Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментин жойду

Бишкек шаарынын мэриясы Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментин жоюп, анын милдеттерин мэриянын борбордук аппаратына өткөрүп берди. Ал эми кызматкерлери мэриянын башка кызматтарына жайгаштырылат.

Белгилүү болгондой,  аталган департаментте текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада, муниципалдык мүлктү натыйжасыз пайдалануу,  ижара мамилесинде мыйзам бузуулар аныкталган. Ошондой эле шаар тургундарынан  даттануулар түшкөн.