Бишкек шаарындагы мектептерде жалпы республикалык тестирлөөнүн экинчи этабы башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ЖРТ 18-майдан 24-майга чейин өтөт.
Жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт: биринчи этап – 18, 19, 20-май; экинчи этап-22, 23, 24-май; үчүнчү (кеч) этап-20, 21, 22-июнь.
Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылында 11-классты 10 698 бүтүрүүчү аяктайт.
Бүгүнкү күндө ЖРТ өткөрүү үчүн бардык 31 база талаптарга жана эрежелерге ылайык даярдалган. ЖРТ өтүү күндөрү тесттик борборлор уюштурулган мектептерде окутуу онлайн режиминде жүргүзүлүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы окуучуларга жалпы республикалык тестирлөөдө мыкты жыйынтыктарга жетишүүнү каалайт.