Бишкекте калктын саны жакынкы үч жылда  1,5 миллионго жетет

Бишкекте калктын саны жакынкы үч жылда  1,5 миллионго жетет

2028-жылга карата Бишкек шаарынын туруктуу калкынын саны 1 миллион 433 миң 602 адамды түзөт.  Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган 2026-2028-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорунда камтылган.

2025-жылдын 1-январына карата Бишкек шаарында 1 миллион 321,9 миң адам жашайт. Шаардын экономикалык жактан активдүү калкынын саны 47 пайызга жакын.

2023-жылдан 2024-жылга чейин калктын санынын кескин өсүшү (156,4 миң адамга же 13,4 пайызга) административдик-аймактык реформанын (АТР) алкагында борборго жаңы аймактардын кошулушу менен түшүндүрүлөт.

Долбоорго ылайык, 2028-жылга чейин жумуш менен камсыз болгондордун саны өсүп, 570,5 миң адамга жетет.