Эртең, 23-майда саат 09:00дө Бишкек шаарындагы айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 – 2026-окуу жылына 1- жана 2-класстарга окуучуларды кабыл алуу боюнча кошумча орундар ачылат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул орундар ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында берилүүдө.
Кошумча квоталар төмөнкү билим берүү уюмдарында каралган:
№4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназия
№10 жалпы билим берүүчү орто мектеп
№13 англис тилин тереңдетип окуткан мектеп-гимназия
№12 Л.В. Толстунов атындагы орто мектеп-гимназия
№17 А.С. Пушкин атындагы орто мектеп
№20 Г. Алиев атындагы орто мектеп
№26 орто мектеп
№29 орто мектеп
№37 орто мектеп
№40 орто мектеп
№41 орто мектеп
№44 орто мектеп
№56 орто мектеп
№62 орто мектеп
№63 Ч. Айтматов атындагы орто мектеп
№64 орто мектеп
№75 орто мектеп
№82 орто мектеп
№84 Ж. Садыков атындагы орто мектеп
№88 орто мектеп
№92 орто мектеп
№102 И. Арабаев атындагы орто мектеп
№119 орто мектеп