“Алтын бутса -2025” сыйлыгын ким алат?

“Алтын бутса -2025” сыйлыгын ким алат?

Европада чемпиондук наамдар үчүн гана эмес, 2024/25 сезонунун бомбардири наамы үчүн да жарыш аяктап баратат. Мыктылардын мыктысы атайын “Алтын бутса -2025” сыйлыкка ээ болот.

“Алтын бутса” футболдогу эң маанилүү жеке сыйлыктардын бири. Сыйлык жыл сайын УЕФАга мүчө болгон өлкөлөрдүн чемпионаттарында эң мыкты бомбардирге ыйгарылат. Өлкө кубокторунда жана еврокубоктордо киргизилген голдор эсепке алынбайт.

2025-жылдагы «Алтын бутса»  сыйлыгына эң мыкты 10 талапкер:

Виктор Гиокерес – 58,5 упай;

Килиан Мбаппе – 58 упай;

Мохамед Салах – 56 упай;

Гарри Кейн – 52 упай;

Роберт Левандовски – 50 упай;

Матео Ретеги – 50 упай;

Александр Исак – 46 упай;

Омар Мармуш – 44 упай;

Мика Биерет – 42,5 балл;

Усман Дембеле – 42 упай.