АКШ Трампка белекке берилген Катар учагын расмий түрдө кабыл алды

АКШ Трампка белекке берилген Катар учагын расмий түрдө кабыл алды

АКШнын Коргоо министрлиги расмий түрдө Дональд Трампка Катар падышалык үй-бүлөсү белекке берген Boeing 747 учагын кабыл алды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы АКШ Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шон Парнеллдин ырастоосуна таянып жазды.
Учак бардык федералдык эрежелерге жана регламенттерге ылайык кабыл алынган. АКШнын Коргоо министрлиги бул учакты президенттик борт — Air Force One катары колдоно баштоо үчүн коопсуздук жагынан кеңири текшерүүдөн өткөрүү жана бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынарын белгилейт.
Дональд Трамптын администрациясы Катар падышалык үй-бүлөсүнөн президенттик борт катары колдонуу үчүн учак алууга даярданып жатканы тууралуу маалымат 12-майда белгилүү болгон. Бул кабар АКШда талаш-тартыш жаратты. Демократиялык партиянын өкүлдөрү бул белек боюнча иликтөө баштоону сунуш кылышкан. Трамп бул келишимди абдан ачык айкын деп мүнөздөгөн.