Азыр жаштар арасында идеология жетишпей жатат. Мурда аскерге барбаган эркектер үчүн уят эле. Мындай пикирин депутат Таалайбек Сарыбашов парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
“Сиз, коргоо министри катары ушул маселеде иш алып барышыңыз керек. Азыр аскерге жалаң эле кыргыздын балдары гана барып жатышат. Атасы ким болбосун, министрби же, чиновникби, баары аскердик милдетин өтөөгө тийиш”,- деди депутат. Ал өзүнүн уулу Баткенде аскердик кызматын өтөп келгенин да, кошумчалады.