Пакистан-Индия: Аскерлерди чыгарууну макулдашты

Пакистан-Индия: Аскерлерди чыгарууну макулдашты

Нью-Дели менен Исламабад мамилелерди жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында май айынын аягына чейин жакында болгон кагылышуу учурунда жайгаштырылган кошумча күчтөрдү тынч мезгилдеги ордуна кайтаруу чечимине келишти.
Тараптар кошумча аскер күчтөрүн жана курал-жарактарды он күндүн ичинде чыгарып кетүүнү пландашкан. Бирок айрым майда кыйынчылыктардан улам кечигүү болгону белгиленди.
Индия менен Пакистан ортосундагы  аскердик жаңжал 7-майда башталып,   ок атышуулар менен коштолгон. 10-майда АКШнын президенти Дональд Трамп эки өлкө толук жана дароо ок атууну токтотуу тууралуу макулдашканын билдирген.