Ош шаарындагы бардык базарлар 1-июлда жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн 21-майда мэр Жеңишбек Токторбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жаңы салынып, пайдалануу алдында турган муниципалдык базарга барып, бүткөрүлгөн курулуш иштерин көрүп чыккан.
Ошондой эле анын жанында жеке инвестор салып жаткан базардын курулушун көрүп, жумуштарды тездетүүнү тапшырган.
Бул жаңы курулуп жаткан базарга 1-июль күнү Ош шаарындагы (төрт базар бир күндө) “Келечек”, “Бексултан”, “Кийим-кечек”, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөт.
Мэрия соодагерлерди аталган убакытка чейин көчүүгө даярдык көрүүнү чакырат.