Мэр зыяратчыларга ак жол тиледи

Мэр зыяратчыларга ак жол тиледи

Ажылык сапарга аттангандардын алгачкы тобу бүгүн, 21-майда Ош эл аралык аэропортунан жөнөп кетишти.

Аларды  Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев узатышты.

Быйыл Кыргызстандан 6060 зыяратчы ажылык сапарга аттанат. Аларды 139 ажы башчы коштоп барат.