Япониянын айыл чарба министри Таку Это кызматынан кетти. Буга анын күрүч тууралуу тамашасы себеп болду. Ал үй-бүлөсүнө күрүч бекер көп берилерин айтып, “сатса да болот” деген. Бул билдирүү социалдык тармактарда жана коомчулукта катуу сынга алынды. Анткени күрүч Японияда негизги азык болуп эсептелет жана баасы өсүп жатат.
Премьер-министр Сигэру Исиба башында аны коргоп, отставкага кетүүсүн четке каккан. Бирок оппозиция талап коюп, ишеним көрсөтпөө добушу менен коркуткандан кийин министр кызматтан кеткен. Анын ордуна экс-премьер Дзюнъитиро Коидзуминин уулу, жаш саясатчы Синдзиро Коидзуми дайындалары күтүлүүдө.
