Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев көп улуттуу Кыргызстанда аскердик милдетти 90 пайызга жалаң гана кыргыз уулдары аткараарын айтты. Бул тууралуу эл өкүлу бүгүн, 21-майда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
“Бул улутчулдук эмес. Бир түндүктүн алдында бирге жашагандан кийин милдеттерибиз менен жоопкерчиликтерибиз да бир болушу керек”,- деди ал. Депутат дүйнө элдериндеги согуштарды эске салып, аскердик күжүрмөндүүлүк боюнча айтып берди. Ошондой эле аскердик милдетин өтөө улутуна карабай бардык жарандардын ыйык вазыйпасы экендигин эскертти.