Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри ИИМге өттү

Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри ИИМге өттү

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-майда кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин  ИИМге өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда колдоп берди. Мурда бул прокуратуранын карамагында эле.

Президент өткөн жумада “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта  “мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында” ушул кадамга барганы белгиленген.