Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Коргоо министри кызматына Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин карашты.
Талкуу учурунда “Сизди президент 2025-жылдын 12-апрелинде Коргоо министрлигинин башкы штабынын жетекчилик кызматынан кетирген экен. Бир айдан бери кайда иштедиңиз”,- деп сурады депутат Камила Талиева Коргоо министри Руслан Мукамбетовдон.
“Бир документ түшкөн экен. Ошол текшерилгичекти кызматтан кетип тургамын”,- деди ал.
“Жетекчиңиз менен кандайдыр бир чыр болгон экен. Анан, сиз акталдыңызбы? Эмне болгон жаңжал”,- деди депутат.
“Ооба, акталып, ошонун жыйынтыгы менен ушул кызматка дайындалып жатам. Сизге өзүнчө айтып берсем болобу”,- деди Руслан Мукамбетов.