Жогорку Кеңеш коргоо министри кызматына  Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш коргоо министри кызматына  Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, колдоо тапты.

Жыйында каттоодон өткөн 67 депутаттын 66сы колдосо, “каршы” добуш бергендер болгон жок.

Эске салсак, 16-апрелде Руслан Мукамбетов өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.