Европа Биримдиги «Азаттык радиосун» колдоого 5,5 миллион евро бөлөт

Европа Биримдиги «Азаттык радиосун» колдоого 5,5 миллион евро бөлөт

Европа Биримдиги «Эркин Европа / Азаттык радиосу» үчүн 5,5 миллион евро колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин билдирди.
Бул каражаттар өкмөттүк эмес уюм — «Демократия үчүн Европа фондуна» берилет. Ал өз кезегинде бул акчаны «Азаттык радиосун» колдоого жумшайт.
Каллас бул жардамды «кыска мөөнөттүү өзгөчө каржылоо» деп атады. Узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүү үчүн кошумча каражат бөлүнөт деген үмүтүн билдирди.